super.kg logo
  Саясат  

Көп бөлүгү кароосуз калган... Депутат Кара-Жыгач сейил багы боюнча маселе көтөрдү (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев парламенттин 4-марттагы жыйынында Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач токою тууралуу маселе көтөрдү.

Айтымында, учурда бул аймактын 40 гектары гана өздөштүрүлүп, калганы кароосуз калууда.

"Бул жөн гана сейил бак эмес. Бул 1981-жылы ботаник Алексей Фетисов тарабынан негизделген борборубуздагы эң эски жана баалуу жашыл аймактардын бири. Ал шаардын түндүк бөлүгүндө Аламүдүн дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Токойдун жалпы аянты 136,6 гектарды түзөт. Бирок анын 40 гектары гана өздөштүрүлүп, калган бөлүгү дээрлик кароосуз калган. Бул жерде 10догон дарак жана бадалдын түрлөрү бар. Ошондой эле аймакта Комсомол жана Пионер көлмөлөрү жайгашкан. Тилекке каршы, бул уникалдуу аймак көңүл сыртында калууда. Жайында көлмөлөрдүн бири гана иштеп, экинчиси жана токойдун басымдуу бөлүгү кароосуз. Көптөгөн дарактар куурап жатат. Ирригация системи иштебейт. Санитардык тазалоо жетишсиз. Айрым жерлер таштандыга айланып бара жатат",- деди эл өкүлү.

Депутат аталган сейил бакты калыбына келтирүү боюнча төрт сунуш айтты:

  • Кара-Жыгач токоюн өнүктүрүү боюнча өзүнчө муниципалдык программа кабыл алуу (инвентеризация иштерин жүргүзүү, куураган дарактарды калыбына келтирүү, жаңы көчөттөрдү отургузуу);
  • Ирригация жана сугат системин толук реконструкциядан өткөрүү (көлмөлөрдү тазалоо жана Комсомол жана Пионер көлмөлөрүн ишке киргизүү);
  • Аймакты этап-этабы менен экопарк форматына өткөрүү;
  • Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин карап чыгуу (бул жерде чакан кайык станцияларын куруу, жөө көпүрөлөрдү уюштуруу, кичинекей Венеция форматында эс алуу аймагын түзүү).

Жороев тийиштүү мекемелерге токойду комплекстүү калыбына келтирүү боюнча пландоону жана каржылоо булактарын аныктоону сунуштады.






Депутат Кара-Жыгач токою боюнча маселе көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: