Каракчылыкка, уурулукка шектелип УКТ мүчөлөрү кармалышты
Уюшкан кылмыштуу топтун 9 мүчөсү каракчылыкка, уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар административдик имараттарды, соода объекттерин жана кеңсе жайларын тоноо менен алектенишкен. Шектүүлөр кылмыш учурунда өздөрүнүн ким экендигин жашыруу үчүн аялдын жүзү түшүрүлгөн беткаптарды жана париктерди колдонушкан. Шектүүлөр тарабынан келтирилген жалпы материалдык зыяндын көлөмү 25 миллион сомду түзгөн.
Алар мурда бир нече жолу соттолушкан. Шектүүлөр тинтүүгө алынып, ачкыч жасай турган жабдык, радиостанциялар, объекттерге көз салуу үчүн GPS-трекерлер, күзөт тутумдарынын жана сигнализациялардын сигналдарын өчүргүчтөр табылган.
Мындан тышкары, алардын жанынан автомат, тапанча, ок, кол гранатасы, бычактар, ошондой эле жалпы салмагы 45 граммды түзгөн "гашиш" баңгизаты алынган. Кармалгандардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши ачылып, Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алынышкан.
Ошондой эле алардын абакта жаткан 6 адам менен байланышы болгон. Алар эркиндикте кылмыштарды жасашкан, ал эми абактарда отургандар жасалган кылмыштарды өздөрүнө алышкан.
Каракчылыкка, уурулукка шектелип УКТ мүчөлөрү кармалышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















