Казакстан Жакынкы Чыгыштан миңге жакын жаранын эвакуациялады
Казакстан Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөн дээрлик 1000 жаранын эвакуациялап, мекенине алып келди. Эвакуация учурунда "Air Astana" жана "Scat" авиакомпанияларынын каттамдары пайдаланылганын казак басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, учактар Медина, Жидда жана Маскаттан келген жүргүнчүлөрдү Актау, Атырау жана Алматыга жеткиришти. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 946 адам Казакстанга кайтарылды.
Казакстандын авиациялык администрациясы учурда Иран, Израил, Сирия, Ирак, Иордания жана Ливандын аба мейкиндигине каттамдарды токтоткон. Ал эми Жакынкы Чыгыштан өз жарандарын кайтарып келүү үчүн 6 учак бөлдү. Жалпы ал өлкөлөрдө 5 миңден ашуун казакстандык бар экени маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:58
2026-03-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















