Депутат Баатырова өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаалга кызыкты (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Баатырова парламенттин 4-марттагы жыйынында өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаалга кызыкты.
Депутаттын айтымында, акыркы учурда кошуна мамлекеттерде мал арасында жугуштуу оорулар жайылып жатканы боюнча маалыматтар чыгууда.
"Малчылар менен фермерлер мал арасында чыгым көбөйүп жатканын айтышып, коңгуроо кагып жатышат. Азыркы учурда өлкөдө эпизоотиялык кырдаал кандай? Малга жүргүзүлүүчү профиликтикалык эмдөө, дегельминтизация иштери толук кандуу жүргүзүлүп жатабы? Аймактар малга сайылуучу вакцианалар, биокаражаттар, антигельминттик каражаттар менен жетиштүү камсыз болуудабы?
Ошол эле учурда калк арасында бруцеллёз, эхинококкоз, альвеококкоз сыяктуу малдан адамга жугуучу оорулардын катталышы да көбөйүп жатат. Бул түздөн-түз азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан олуттуу маселе деп эсептейм.
Эт азыктары ветеринардык лобораториядан текшерүүдөн толук кандуу өтүп жатышабы? Бул багытта көзөмөл кандай жүргүзүлүп жатат?",- дейт эл өкүлү.
Депутат Жогорку Кеңештин жыйынында бул боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.
Депутат Баатырова өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаалга кызыкты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















