super.kg logo

Кадамжайда опузалап акча талап кылууга шектүү кармалды

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда опузалап акча талап кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Таш-Коргон айылынын 50 жаштагы тургуну 28-февралда өзүнүн ок атуучу куралы менен Пум айылына мергенчиликке барган. Анда бейтааныш жаран анын куралын тартып алып, 30 миң сом акча берсе гана кайтарып берерин айтып коркуткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 43 жаштагы А.У. аттуу Пум айылынын тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: