"Блогерлик деңгээлден чыга албай жатабыз". Депутат бийликти журналисттерге көңүл бурууга чакырды
Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова журналисттерге бийлик тарабынан колдоо көрсөтүү керектигин айтты.
Ал акыркы убактардарда журналистика тармагы начарлап кеткенин айтты.
"Барган сайын журналистика популисттикке айланып бара жатат. Журналисттик иликтөөлөрдүн болбой жатканы, журналисттик башка стилдеги чыгармалар жаралбай жатканы, гезит, журналдардын дээрлик жок болуп жатканы, мына, ушулардын бардыгын алганда, журналистикага көңүл бурулбай жатат десек болот. Мен суранат элем, өлкө башчысы көңүл бөлсө.
Эл биринчи кезекте мыкты журналисттердин берген маалыматтарына ишенет. Бардыгыбыздын эле маалыматтарды жеткиргенге мүмкүнчүлүгүбүз жок. Блогерлик деңгээлден чыга албай жатабыз. Ошондуктан турак жайынан тарта айлык акысына чейин карабасак болбой калды",- деди эл өкүлү.
Депутат бийликти журналисттерге көңүл бурууга чакырды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















