super.kg logo

"Согушту уланта алабыз". Иран АКШ менен сүйлөшүүгө негиз жок экенин билдирди

 

Иран АКШ менен сүйлөшүүгө негиз жок экенин, Тегеран Вашингтонго ишенбей турганын билдирди. Бул тууралуу Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде айткан.

"Америкалыктарга ишеним жок, сүйлөшүүгө да негиз жок. Эң негизгиси - биз согушту уланта алабыз. Бизде сегиз жылдык тажрыйба бар. Тарыхый тажрыйба көрсөткөндөй, биз согуштан коркпойбуз",- деген Мохбер.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.

Израил менен АКШнын жасаган соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеини каза болгон. Ал эми Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун акыркы маалыматы боюнча атышуу учурунда 787 адам каза болгон.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: