Баткенде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 миллион куб метрден ашык суу топтолгон (видео)
Баткен облусунда жасалма мөңгүлөр долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу 4-мартта Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы Азизбек Адылбеков Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Олег Гучгельдиев жана ОБСЕнин өкүлү Дмитрий Прудских баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймакта климаттык туруктуу тажрыйбаларды мындан ары кеңейтүү, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жасалма мөңгүлөр долбоорун облустун башка аймактарына жайылтуу макулдашылды.
Андан соң жетекчилер Андарак айылындагы Айна-Таш капчыгайында жайгашкан жасалма мөңгүнү жеринен көрүп, анын учурдагы абалы жана топтолгон суунун көлөмү менен таанышты.
Баткен облусунда бул долбоордун алкагында жети жасалма мөңгү курулган. Алар Баткен районунун Газ, Согмент, Булак-Башы, Кайыңды жана Лейлек районунун Айбийке, Көк-Таш, Сумбула айылдарында жайгашкан. Кыш мезгилинин жыйынтыгында жасалма мөңгүлөрдө 1,5 миллион куб метрден ашык суу топтолгон.
Белгилей кетсек, жасалма мөңгүлөр - кыш мезгилинде сууну топтоп, жаз жана жай айларында айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн пайдаланууга багытталган заманбап жана натыйжалуу ыкма. Бул ыкма суу тартыштыгы күч алган аймактар үчүн өзгөчө маанилүү.
Баткенде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 миллион куб метрден ашык суу топтолгон
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















