super.kg logo

Испаниянын ТИМи Трамптын коркутууларына жооп берди

 

Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес АКШ президенти Дональд Трамптын соода мамилелерин кайра карап чыгуу тууралуу билдирүүлөрүнө жооп берди.

"Испания - өз алдынча чечим кабыл алган эгемендүү өлкө. Биз бардык союздаштарыбыздан дүйнөдөгү эң байыркы улуттардын бири болгон Испанияга урмат көрсөтүүнү талап кылабыз", - деп айткан ал RTVE телеканалына берген маегинде.

Министр Испания АКШ үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, эки өлкө ортосундагы соодада Вашингтон көбүрөөк пайдага ээ экенин айтты. Ошондой эле Мадрид АКШдан суюлтулган жаратылыш газын (СПГ) ири көлөмдө сатып аларын эске салды.

Мындан тышкары Альбарес АКШ Иранга каршы операция баштаары тууралуу союздаш өлкөлөрүнүн бирине да алдын ала маалымат бербегенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Дональд Трамп Испания аскердик базаларын Иранды бомбалоо үчүн колдонууга уруксат берүүдөн баш тарткандан кийин бул өлкө менен сооданы токтото тургандыгын билдирген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: