super.kg logo

Али Хаменеи менен коштошуу аземи жылдырылды

 

Иран бийлиги каза болгон өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи менен коштошуу аземин белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу Тегерандын Ислам пропагандасын координациялоо кеңешинин башчысы Мохсен Махмуди билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, иш-чараны өткөрүү үчүн зарыл болгон инфраструктураны даярдоо убакытты талап кылууда. Себеби өлкөнүн бардык аймактарынан жарандар аземге катышууга чоң кызыгуу билдиришкен.

Бул иш-чараны өткөрүү кийинкиге жылдырылды. Шарттар түзүлөрү менен жана даярдыктар аяктагандан кийин, координациялык кеңеш расмий билдирүү жасап, элди коштошууга чакырат”, — деди ал ирандык телеканалдардын бирине берген маегинде.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Тегеран шаары соккуларга дуушар болуп жатканы айтылууда. Бирок аземдин жылдырылышынын негизги себеби катары коопсуздук маселеси расмий түрдө аталган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: