Курулуш министрлигинин коллегиясы: Өсүш уланууда
Бүгүн, 4-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Курулуш министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктоочу коллегиялык жыйыны өттү. Жыйынга министр Нурдан Орунтаев жана тармак жетекчилери катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы курулуш тармагындагы ички дүң продукция 438,5 миллиард сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу сегиз эсеге өстү. 2021-жылдан бери тармакка 170 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылып, 936 социалдык объект пайдаланууга берилди.
Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы тармактын ишине “жакшы” деген баа берип, реформаларды улантуу жана курулуштун сапатын жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















