super.kg logo

Улуттук демди даңазалаган тегерек стол өттү

 

Бүгүн, 4-мартта Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө жарлыгынын алкагында “Ак калпак жана улуттук кийим – улуттун улуу мурасы” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, окумуштуулар, маданият ишмерлери, этнодизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана студенттер катышып, улуттук кийимдердин коомдогу орду тууралуу пикир алышты.

Арслан Койчиев өз сөзүндө ак калпак улуттук аң-сезимди калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, аны улуттун сыймыгы катары баалады. Ошондой эле заман талабына шылтап улуттук баалуулуктарды бурмалоого жол бербөө керектигин айтты.

Жыйынтыгында ал улуттук кайра жаралуу доорун бекемдеп, улуттук кийимдерди сактоо жана өнүктүрүү үчүн биргелешип аракеттенүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: