Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган чет элдик жаранга айып пул салынды (видео)
Чүйдө айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкарган чет элдик жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу 5-мартта облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында жол эрежелерин бузгандыгы үчүн чет элдик жаранга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мыйзам чегинде чаралар көрүлдү.
Эске салсак, буга чейин аталган жаран унаасынын айнектерин мыйзамсыз караңгылатып, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган. Ошондой эле карама-каршы тилкеге чыгып жана кызыл түстөгү жол чырактан өтүп, жол кыймылынын эрежесин одоно бузган.
Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган чет элдик жаранга айып пул салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:23
2026-03-05
21:56
2026-03-05
20:10
2026-03-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















