5-март - Ак калпак күнү. Улуттук баш кийим тууралуу кызыктуу маалымат топтому
Бүгүн, 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим - ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн 2011-жылы жарыяланып, Жогорку Кеңештин 2016-жылдын токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо, сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынып, расмий түрдө белгиленип келет.

Бул күндүн урматына мырзалар башына ак калпак кийип, өлкөнүн ар аймагында иш-чаралар уюштурулуп келет. Ал эми SUPER.KG порталы бул датаны утурлай улуттук баш кийим тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтоду.
Калпактын жасалуу жолдору
Калпактын сапаты кийизге жана жүнгө байланыштуу. Эгерде жука кийизден жасалса, анда көпкө чыдабайт. Ал эми сапаты жакшы, калың кийизден жасалган калпакты 20 жылга чейин кийүүгө болот.
Калпак жасаган мурдагы уздардын айтымында, койдун жүнүнө караганда козунун жүнүнөн жакшы калпак чыгат. Андай калпак кийгенде жеңил, ыңгайлуу болот. Мурда калпакка керектелүүчү кийизди жай мезгилинде камдашкан. Себеби бул учурда жүн ойдогудай, жакшы кургайт. Ал эми азыркы шартта кол өнөрчүлөр жылуу, заманбап жайларда кургатып алышууда.

Калпактын кандай түрлөрү бар?
Кыргыздар калпакты кийген адамдын коомдогу ордуна жараша жасашкан. Алар: айры калпак, тилик калпак, туюк калпак, хан калпак, бакай калпак, киш калпак, төрт талаа калпак, эки талаа калпак деп айтылган.

- Мүчөл жашка чейинкилер – 1 жаштан 12 жашка чейинки балдардын калпагынын кийизинин түсү ак, көк, чөп жашыл, ачык күрөң болуп, кыюусу да адатта жашыл, көк сыяктуу ачык түстөр менен кооздолгон;
- 1 мүчөл – 13 жаштан 24 жашка чейинкилердин калпагы ак түстө болуп, жашыл кездеме менен кыюуланат. Жашыл түс жаштыктын, ѳсүүнүн түсү деп белгиленген;
- 2 мүчөл – 25 жаштан 36 жашка чейинки жигиттер кыюусу көк болгон ак калпак кийишкен. Бул куракта ал мырза бир үйдүн ээси болуп, ѳзүнчѳ түтүн булатат. Кѳк түс – асмандын өңү;
- 3 мүчөл – 37 жаштан 48 жашка чейинки кишилер ак калпак кийип, кыюусу күрөң, жердин түсүндѳ тигилген;
- 4 мүчөл – 49 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге кыюусу ачык күрөң, буудай түскө боёлгон ак калпак сунушталса, 5 мүчөлгө — 61 жаштан 72 жашка чейинки аксакалдарга кыюусу ак түстѳгү калпак туура болгон;
- 6-мүчөл – кыюусу ак-кара болгон ак калпак 73 жаштан улуулардын баш кийими деп эсептелген, себеби бул курактагы аксакалдар акты ак, караны кара деп уулдарына кеңеш берип, насаат айткан.

0

Супер-Инфо
super.kg видео
















