"Мыйзамды көзөмөлдөш үчүн депутат өзү билимдүү болушу керек". Алиев Улукбек Карыбек уулуна жооп берди
Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев жетекчилик кызматта болгондон кийин сабырдуулукка үйрөнүп жатканын айтты.
Алиев мындай билдирүүнү бүгүн, 5-марттагы парламенттин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулунун анын дарегине кыйыр түрдө айткан сынынан кийин жасады.
"Катардагы депутат болсок, анда айта турган сөзүбүз абдан көп болот эле. Улукбек мырза туура айтат, парламент мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөшү керек. Аны көзөмөлдөш үчүн депутат өзү билимдүү болушу зарыл. Мамлекеттик кызматта тажрыйбабыз болушу керек, төрөтканада эле чуркап жүрө бербей. "Эр жигиттин ичине ээр-токумдуу ат батат" дейт, ошондуктан көтөрүмдүү бололу",- деди ал.
Деген менен Алиев Карыбек уулунун парламентте берген сунушун колдоого алды.
"Көтөрүмдүү бололу". Медер Алиев Улукбек Карыбек уулуна жооп кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:45
2026-03-06
9:01
2026-03-06
12:55
2026-03-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















