super.kg logo
  Саясат  

"Сүзмөдөй сүзүлүп..." Улукбек Карыбек уулу Медер Алиевге жооп кылды

 

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу кесиптеши Медер Алиев тарабынан анын дарегине айтылган сөзгө жооп берди.

"Сүзмөдөй сүзүлүп, "сүйлөсөмбү, сүйлөбөсөмбү... же бир мамлекеттик кызматта Кыргызстанда жападан жалгыз мен гана билимдүүмүн, мен гана кыйынмын, менден башканын баары "келесоо" деп, өзүнөн башканын баарын тоготпогондорду да айтып коюшубуз керек. Алар канчалык иш кылды, ага коом күбө болуп турат. Ошол эле төрөтканада күнү-түнү жүгүрүп, коррупция менен күрөшүп жүргөн мээнетти да эл баалай билет",- деди ал.

Мунун алдында Алиев Карыбек уулунун анын дарегине кыйыр түрдө айткан сынана жооп берип жатып, "мыйзамдар кандай аткарылып жатканын көзөмөлдөш үчүн депутат билимдүү болушу керек, төрөтканада эле чуркап жүрө бербей" деген болчу.

Эске салсак, 3-мартта Жогорку Кеңештин Эмгек, салматтыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында депутаттар Медер Алиев менен Улукбек карыбек уулунун ортосунда кайым айтышуу орун алган. Отурумда Алиев демилгечи болгон баңгизатка байланыштуу мыйзам долбоору каралып, анда Карыбек уулу долбоор боюнча тактоочу суроолорду узаткан учурда экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк жаралган.







Улукбек Карыбек уулу менен Медер Алиевге жооп кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: