Эки депутаттын айтышы... Спикер аларды элдештирди
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы парламент төрагасы Марлен Маматалиев депутаттар Медер Алиев менен Улукбек Карыбек уулунун ортосундагы кырдаалды жөнгө салганын билдирди.
"Төрага парламент мыйзам долбоорлорун кароо учурунда ачык талкууларга жана ар кандай пикирлерге мүмкүнчүлүк берилген аянтча экенин белгилеп, ошол эле учурда ар бир талкуу парламенттик этиканын жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады",- деп атылат маалыматта.
Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү отурумунда Улукбек Карыбек уулу Медер Алиевдин дарегине кыйыр түрдө сын айткан. Буга Алиев жооп кылып, "мамлекеттик кызматтан тажрыйбабыз болушу керек, төрөтканада эле чуркап жүрө бербей" деген болчу. Карыбек уулу болсо, "төрөтканада күнү-түнү жүгүрүп, коррупция менен күрөшүп жүргөн мээнетти да эл баалай билет" деп жооп узатты.
Эки эл өкүлүнүн ортосундагы кайым айтышуу 3-мартта Жогорку Кеңештин Эмгек, салматтыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында башталган эле.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















