super.kg logo

ЖАМКнын мекемелеринде Ак калпак күнү белгиленди

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде 5-март - Ак калпак күнүнө карата маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган күндүн алкагында ЖАМКнын мекемелеринде соттолгондордун жана жашы жете элек тарбиялануучулардын катышуусунда тарбиялык-маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чараларда катышуучулар ак калпактын тарыхы, анын кыргыз эли үчүн мааниси тууралуу маалымат беришип, улуттук баалуулуктарды даңазалаган концерттик программа тартуулашты.

Мындан тышкары, спорттук жана улуттук оюндар да уюштурулуп, анда стол тенниси, гиря көтөрүү, таяк тартыш, аркан тартыш, ордо, шахмат жана тогуз коргоол сыяктуу оюндар өткөрүлдү.

Мындай иш-чаралар улуттук маданиятты жана салт-санааны урматтоого, улуттук баалуулуктарды сактоого, ошондой эле соттолгондордун тарбиялык жана руханий өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: