Садыр Жапаров айдоочулардан экзамен алууну көздөгөн мыйзамды чакыртып алды
Өлкө башчы Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулардан жеринде планшет менен сынак алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал мамлекет башчысы тийиштүү тапшырманы мыйзамга карата коомчулук тарабынан айтылган сын-пикирлерди эске алып, ИИМге бергенин белгиледи.
Айта кетсек, ИИМ одоно жол эрежелерин бузган айдоочулардан жеринен экзамен алууну көздөгөн мыйзамды демилгелеген. Парламентте аталган мыйзамга сындар айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:45
2026-03-06
9:01
2026-03-06
12:55
2026-03-05
12:24
2026-03-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















