"Ош" аэропортунда зер буюмдарды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалышты (видео)
Эл аралык "Ош" аэропортунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алтын буюмдарды мыйзамсыз алып кирүү аракети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Салык кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө өлкөгө тиешелүү коштомо документтери жок, жалпы баасы 1 миллион сомдон ашкан алтын буюмдарды (шакек, сөйкө жана чынжырлар) алып кирүү аракети аныкталган.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүлдү.
Ош эл аралык аэропортунда алтын буюмдарды мыйзамсыз алып кирүү аракети аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:23
2026-03-05
21:56
2026-03-05
20:10
2026-03-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















