Элдик депутаттык тобу Талас облусу аймагында иш сапары менен жүрөт
Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев баштаган эл өкүлдөрү Талас облусунун бир катар райондорунда иш сапары менен болушту. Делегациянын курамында депутаттар Гуля Кожокулова, Медина Кайрылбекова, Эркинбек Исеналиев, Бакыт Чомоев, Жаныбек Аматов, Адилет Белеков, Уланбек Жаанбаев жана Улукбек Узакбаев бар.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө эл өкүлдөрү аймактагы социалдык объектилердин абалы менен жеринен таанышып, билим берүү, саламаттык сактоо жана инфраструктура тармактарындагы көйгөйлөрдү талкуулашты. Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү сунуштар айтылып, аларды чечүү жолдору каралды.
Алгач депутаттар Талас шаарындагы №4 А.Сыдыков атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуу корпусунун абалын көрүп чыгышты. Мектеп имаратынын техникалык абалы, окуу шарттары жана оңдоп-түзөө иштерине болгон муктаждык тууралуу маалымат угулуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуш-пикирлер берилди.
Эл өкүлдөрү аймактарды кыдыруу аркылуу жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуп, аларды мыйзамдын негизинде аткарылышына көмөктөшөрүн белгилешти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















