Кореядан грант: Ош шаарындагы суу тармагы жаңыланат
Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында шаар мэри Жанарбек Акаев Корея Республикасынын алдыңкы суу ресурстарын башкаруу корпорациясы — K-water компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушууга компаниянын жетекчисинин орун басарлары Ли Сан Ён, Кон Ён Жун, ошондой эле менежерлер Ким На Рэ жана Но Жэ Гён катышты.
Сүйлөшүүлөрдө Ош шаарынын таза суу менен камсыздоо тармагын интеллектуалдык башкаруу долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды. Долбоордун жалпы баасы 10 миллион АКШ доллары болуп, каражат кайтарымсыз грант түрүндө берилет.
Долбоордун алкагында:
• Озгур суу тазалоочу станциясын модернизациялоо,
• шаардагы суу менен камсыздоо системасын санарип жана “акылдуу” башкаруу технологияларына өткөрүү,
• мекеменин операциялык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү,
• адистердин квалификациясын жогорулатуу,
• инфраструктураны жаңылоо маселелери каралууда.
Тараптар долбоорду эффективдүү ишке ашыруу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.
Бул демилге Ош шаарынын суу менен камсыздоо системасын модернизациялоого, ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















