super.kg logo

Укук коргоо органдарындагы реформалар: Активисттерге жана журналисттерге мамиле кайра каралат

 

Укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра караларын президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жергиликтүү ЖМКлардын бирине берген билдирүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдарына мүмкүн болгон жана мыйзамга каршы келбеген учурларда камакка алуу менен байланышпаган чараларды көрүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүү сунушталышы мүмкүн. Бирок ал мындай чаралар ар бир конкреттүү жагдайга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кабыл алынарын баса белгиледи.

Жакында эле бир катар медиа уюмдар жана журналисттер президентке, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбековго жана Медербек Сатыевге кайрылуу жасашкан. Алар акыркы жылдары журналисттерге жана активисттерге каршы “Массалык баш аламандыктар” жана башка беренелер боюнча козголгон иштердин көбөйгөнүн белгилешкен.

Кайрылууда ошондой эле айрым медиа уюмдарга чектөө киргизилгени, кээ бир журналисттер кылмыш жоопкерчилигине тартылганы, же өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгону коомчулукта тынчсызданууну жараткандыгы айтылган. Реформалардан кийин коомчулук бардык жагдайга жаңыча жана калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп үмүттөнүп жатканын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: