Жээнбек Кулубаев Кувейттин тышкы иштер министри менен сүйлөшүү өткөрдү
Бүгүн, 5-мартта ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Кувейт мамлекетинин тышкы иштер министри Жаррах Жабер Аль-Ахмад Ас-Сабах менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөп жатканына терең тынчсыздануусун билдирди жана президент Садыр Жапаровдун атынан боордош Кувейт элине чын жүрөктөн тилектештик билдирди.
Тараптар аймактагы чыңалуунун тез арада турукташуусуна, дипломатиялык диалогдун калыбына келүүсүнө жана тынчтыкты бекемдөө үчүн конкреттүү чаралар кабыл алынышына үмүт артарын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















