Садыр Жапаров акын Аскат Жетиген ырайым сураса абактан бошотуларын кыйытты
Бүгүн, 6-мартта президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине вебкам студиялардын негиздөөчүсү аталган Даниел Ажиевдин айланасындагы кептерге жооп берип жатып, абактагы акын Аскат Жетигенди бошотуу маселеси боюнча да билдирди.
Өлкө башчысы акын ырайым сураса карап көрүшү мүмкүн экенин белгиледи.
"Мен кимди чыгарышты, кимди чыгарбашты тандабайм. Ким ырайым сурап арыз менен кайрылса, арызынын негизинде чечим кабыл алам. Арыз менен кайрылбаган соттолуучуну кантип чыгарам? Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз",- деди Жапаров.
Айта кетсек, №27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан акын Аскат Жетиген абак кызматкеринин кыйноосуна кабылганын билдирген. Ал абак жетекчилигин коррупциялык жана зомбулук иштери боюнча Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнө айтып бергенден кийин кысымга алынганын белгилеген. Кийин анын айып изоляторуна киргизилгени белгилүү болгон.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















