Бала эс-учун жоготкон... Чүйдө жубайы менен уулун токмоктоого шектелген жаран кармалды
Жайыл районунда 34 жаштагы жаран жубайы менен уулун сабоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, окуя 2 күн мурун, тагыраагы 4-мартта болгон. Анда ал үйүндө 36 жаштагы жубайын ур-токмокко алып, ага психикалык басым көрсөткөн жана 17 жаштагы уулун башына урган. Натыйжада, бала эс-учун жоготкон. Ага мээнин чайкалышы диагнозу коюлуп, мурун сөөктөрүнүн сынганы аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголгон. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















