Согуштук кырдаалга байланыштуу дүйнөдө мунай өндүрүү кыскарышы мүмкүн
Иран согуштук кырдаалга байланыштуу Ормуз кысыгын жапканы үчүн дүйнөдө мунай өндүрүү кескин кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу аналитиктер маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, акыркы күндөрдө Ирак мунай өндүрүүнү 1,5 миллион баррелге кыскарткан. Жакын арада Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттары да мунай өндүрүшүн кыскартууга аргасыз болушу мүмкүн.
Адистердин айтымында, эгерде бул өлкөлөр мунайды Ормуз кысыгы аркылуу экспорттой албаса, өндүрүштү азайтууга туура келет. Дүйнөлүк чийки мунай менен суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен бештен бир бөлүгү дал ушул Ормуз кысыгы аркылуу ташылып келген.
Иран алты кемеге кол салгандан кийин, аталган кысыктагы кеме жүрүүсү дээрлик токтоп калган.
Эске салсак, Иран буга чейин аталган кысыкты жапканын жана аймакка кирген бардык кемелерди аткылай турганын эскерткен.
Андан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңунда мунай жана газ тышыган компанияларды тез арада камсыздандырууну тапшырып, Ормуз кысыгы аркылуу өтө турган кемелерге аскердик коштоону убада кылган болчу.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















