super.kg logo

Бишкекте улгайган адам 22 миллион сомун алдатып жиберген. Кылмышка байланышы барлар кармалышты

 

Бишкекте ири алдамчылыкка байланышы бар делгендер кармалышты. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 77 жаштагы жаранга телефон чалышып, өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырышып, аны банкомат аркылуу банктык картага 22 миллион 130 миң сом которууга көндүрүшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада, кылмышка тиешеси бар делип, 20 жаштагы жигит кармалган. Себеби, акча анын банк картасына которулган. Жигит мурун банк картасын сатып жибергендиктен карта кийинчерээк аталган кылмыш ишине колдонулган.

Ошондой эле 19 жаштагы жигит кармалган. Ал Telegram мессенжери аркылуу башка адамдардын банк карталарын сатып алуу менен алектенген. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн кошумча далилдерди чогултуу иштерди жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: