АКШ жана Израилдин Иранга каршы согушу эл аралык укукту бузабы? Эксперттер жооп берет
АКШ менен Израилдин 28-февралда Иранга каршы баштаган аскердик операциясы эл аралык укуктун нормаларын бузушу мүмкүн. Мындай пикирди бир катар эксперттер немис медиасы Deutsche Welle басылмасына билдиришкен.

Операция башталгандан кийин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Иран аймагына жасалган аба соккуларын эл аралык укуктун бузулушу катары баалады. Анын айтымында, мындай аракеттер мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүнө жана саясий көз карандысыздыгына каршы күч колдонууга тыюу салган БУУнун документине каршы келет. Гутерриш бул операция “эл аралык тынчтык жана коопсуздукка олуттуу коркунуч” жаратарын белгилеген.
Бул баа менен америкалык аналитикалык борбор Atlantic Council уюмунун юристи жана укук коргоочусу Гиссу Ниа да макул. Анын айтымында, көпчүлүк эл аралык укук адистери Иранга каршы аскердик операция үчүн жетиштүү юридикалык негиз жок деп эсептешет.
Ошол эле учурда АКШ менен Израил өз аракеттерин Тегерандын коркунучтарына жооп катары түшүндүрүүдө. Алар Ирандын ядролук курал иштеп чыгуу ыктымалдыгын негиз катары көрсөтүшөт. Бирок юристтер БУУнун уставындагы 51-берене мамлекеттерге күч колдонууга куралдуу кол салууга жооп катары гана уруксат берерин эскертишет.
Эксперттердин айтымында, коркутуулар же катуу саясий риторика гана алдын ала сокку урууну мыйзамдуу деп эсептөөгө жетиштүү негиз боло албайт.
Мындан тышкары, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи сыяктуу саясий лидерлерди бутага алуу маселеси да талаштуу. Женева конвенциясы боюнча согуш маалында негизинен аскер кызматкерлери мыйзамдуу бута болуп эсептелет. Саясий лидерди атайылап өлтүрүү, эгер ал түздөн-түз аскердик коркунуч жаратпаса, эл аралык укуктун бузулушу катары каралышы мүмкүн.
Жалпысынан эксперттер мындай окуялар дүйнөдөгү согуштарды токтотууга багытталган эл аралык укуктун нормалары акырындык менен алсырап бара жатканын көрсөтүп жатканын белгилешет.
Аятолла Али Хаменейинин өлүмү эл аралык укук боюнча талаш жаратты
АКШ жана Израилдин Иранга жасаган аба соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгону бул согуштагы эл аралык укук боюнча эң талаштуу маселелердин бири болуп калды.
Немис медиасы Deutsche Welle менен болгон маегинде америкалык аналитикалык борбор Atlantic Council уюмунун юристи Гиссу Ниа бул окуяга юридикалык баа берүү абдан татаал экенин айтты. Анын айтымында, Хаменеи көп жылдар бою миңдеген ирандыктардын өлүмүнө жооптуу деп эсептелет. Айрыкча 2026-жылдын январында болгон нааразычылык акцияларын күч менен басуу учурунда он миңдеген адамдар каза болушу мүмкүн экени айтылууда.

Ошол эле учурда Ниа белгилегендей, айрым ирандыктар аятолланын өлүмүн жеңилдик катары кабыл алса да, көпчүлүгү аны көз карандысыз соттун алдында жоопко тартууну каалашкан.
Мындан тышкары АКШ мыйзамдары да башка өлкөлөрдүн саясий лидерлерин атайылап өлтүрүүгө тыюу салат. Мындай тыюу 1970-жылдардын аягында АКШ президенти Жеральд Форд тарабынан киргизилген жарлык менен бекитилген. Документке ылайык, АКШ өкмөтүндө иштеген же анын атынан аракет кылган адамдар чет мамлекеттердин саясий лидерлерин өлтүрүү аракетине катышпоого тийиш.
Ошондуктан эксперттер Хаменейинин өлүмү эл аралык укук жана АКШнын ички мыйзамдары боюнча дагы узак талкууларды жаратышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.
АКШ лидерлерди бутага алуу боюнча тыюунун чегин акырындап кеңейткен
Британиядагы Swansea University университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Лука Трентa акыркы ондогон жылдарда АКШ чет өлкөлүк лидерлерди өлтүрүүгө тыюу салган эреженин чегин акырындап кеңейткенин белгилейт. Бул тууралуу ал Deutsche Welle басылмасына берген маегинде айткан.
Анын түшүндүрүшүнчө, Вашингтон өзүн коргоо максатында жасалган аракеттер бул тыюуга кирбейт деген позицияны карманат. Ошондуктан АКШ айрым учурларда чет мамлекеттердин аскердик командалык объектилерин же лидерлер жашаган жайларды мыйзамдуу бута катары карай баштаган.
Профессор мисал катары 1986-жылы ливиялык лидер Муаммар Каддафиге каршы жасалган ийгиликсиз кол салуудан кийин АКШ мындай ыкманы активдүү колдоно баштаганын эске салды. Анын айтымында, бул жолу айырмачылык — АКШнын президенти Дональд Трамп жана америкалык бийлик бул операция үчүн жоопкерчиликти социалдык тармактар аркылуу ачык моюнга алып жатканы.

Ошол эле учурда Иран да жооп кайтарып, Израилге, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базаларына жана Перс булуңундагы башка объектилерге дрондор жана ракеталар менен сокку урду. Тегеран бул аракеттерди өзүн коргоо чарасы деп түшүндүрүүдө.
Бирок эксперттердин айтымында, мындай жооп чаралары да эл аралык укукта белгиленген өзүн-өзү коргоонун чегинен чыгып кетиши мүмкүн деген талкууларды жаратууда.
Ирандын жооп соккулары да эл аралык укук боюнча талкуу жаратууда
Эл аралык нормаларга ылайык, кол салууга дуушар болгон мамлекеттер өзүн коргоо укугуна ээ. Бирок бул укуктун да чектөөлөрү бар. Эксперттердин айтымында, Ирандын Израилдеги жана Дубайдагы жарандык объектилерге сокку урушу эл аралык гуманитардык укукка каршы келет. Мындай нормалар согуш маалында жарандык объектилерди бутага алууга тыюу салат.
Мындан тышкары, согушка түз катышпаган мамлекеттердин аймагына сокку уруу да мыйзамсыз деп эсептелет. Deutsche Welle сурамжылаган аналитиктер Перс булуңундагы жана анын айланасындагы бир катар өлкөлөргө жасалган чабуулдарды “жаңылыш өзүн-өзү коргоо” деп мүнөздөшүүдө.
Буга чейин Ирандан учурулган деп болжолдонгон ракеталар жана учкучсуз аппараттар төмөнкү өлкөлөрдүн аймагына жеткени кабарланган: Бахрейн, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Израиль, Кувейт, Иордания, Сауд Арабиясы, Оман жана Кипр.

Ал эми Европанын лидерлери АКШнын Иранга каршы операциясына карата азырынча абайлап реакция билдиришүүдө. Алар АКШ менен Израилди түз сындоодон карманып, ошол эле учурда Жакынкы Чыгышта жаңы аймактык согуш чыгышы мүмкүн экенине тынчсыздануусун билдиришүүдө.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц акыркы жылдары эл аралык укуктун нормалары барган сайын аз сакталууда деп белгиледи. Ошол эле учурда ал “азыр өнөктөштөрдү жана союздаштарды окутуп же айыптай турган учур эмес” экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, Иранга эл аралык укуктун инструменттери аркылуу таасир этүү аракеттери буга чейин да жетиштүү жыйынтык бербей келген.

АКШ, Израил жана Ирандын жаңжалы эл аралык укук үчүн бурулуш учур болушу мүмкүн
Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул АКШ менен Израилдин Иранга каршы жүргүзгөн аскердик операциясынын мыйзамдуулугу боюнча олуттуу суроолор бар экенин билдирди. Ал Deutschlandfunk радиосуна берген маегинде бул операцияны эл аралык укук көз карашынан баалоодо “маанилүү күмөн саноолор” жараларын айтты. Ошол эле учурда министр Ирандан келип чыккан коркунучту да баалабай коюуга болбой турганын белгиледи.
Ал эми Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен АКШ, Израил жана Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшү Европа Биримдигин олуттуу тынчсыздандырып жатканын билдирди. Анын айтымында, куралдуу кагылыштар маалында жарандык калкты коргоо жана эл аралык укуктун нормаларын сактоо өзгөчө маанилүү.
Европа өлкөлөрү салыштырмалуу этият реакция кылып жатышса, Европа Биримдигинен тышкаркы мамлекеттердин позициясы бирдей болгон жок. Вашингтондун жакын өнөктөштөрү болгон Австралия жана Канада АКШны колдоорун билдиришти. Ал эми Орусия жана Кытай америка-израилдик операцияны сынга алышты. Орусия өз кезегинде жаңжалды эл аралык укуктун негизинде тынч жол менен жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген.
Эксперттердин айтымында, бул согуш эл аралык укук үчүн маанилүү бурулуш учур болушу мүмкүн. Swansea University университетинин саясат таануучусу Лука Трента таасирдүү мамлекеттер алдын ала сокку урууну “өзүн коргоо” катары кеңири түшүндүрө баштаганда, согуштарды алдын алууга багытталган эл аралык укуктун нормалары акырындап алсырап бара жатканын белгилейт.
Анын айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп администрациясы аскердик операцияларды жүргүзүүдө эл аралык укукка таянып негиздөө аракетин көп жасабай жатат. Мисал катары ал Николас Мадуро менен байланышкан операцияны эске салат, анда АКШ негизинен өзүнүн ички мыйзамдарына гана таянган.
Трента дүйнө саясатында саясий лидерлерди жок кылуу сыяктуу аракеттер көбөйүп бара жатканын айтып, бул тенденция келечекте дагы кеңири жайылышы мүмкүн деген кооптонууну билдирет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















