super.kg logo

"Мамлекеттин колдоосу да маанилүү". 7 балалуу Назгүл айым менен маек

 

8-март - аялзатынын мээримин, күчүн жана чыдамкайлыгын даңазалаган өзгөчө күн. Бул күндү утурлай SUPER.KG порталы көп балалуу 33 жаштагы баатыр эне Назгүл Канаталы кызы менен маек куруп, аялзаты назик гана эмес, улуттун келечегин курган, кыйын, кайраттуу, жоопкерчиликтүү экендигин даңазалоону чечтик. Энелик дүйнөдөгү эң жоопкерчиликтүү жана ыйык милдеттердин бири. Бүгүнкү каарманыбыз Ош шаарында жолдошу Жыргалбек Мамыров менен бирге жети баланы - төрт уул, үч кызды тарбиялап келет. Назгүл айым менен көп балалуу үй-бүлөнүн сыры, балдарды тарбиялоо жана ынтымактуу жашоонун мааниси тууралуу маек курдук.

- Саламатсызбы, Назгүл айым! 33 жашыңызда 7 баланын энеси болуу кандай жоопкерчилик экен? Көп балалуу болом деген кыялыңыз бар беле?

- Саламатчылык! Ооба, жаштайымдан эле көп балалуу үй-бүлө болсом деп кыялданчумун. Азыр жети баланын энеси болуу мен үчүн чоң бакыт, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Ар бир баланын тарбиясы, ден соолугу, келечеги ата-эне үчүн аманат деп ойлойм. Аларга туура жол көрсөтүп, жакшы адам болуп өсүшүнө көмөк көрсөтүү биздин милдет. Андыктан жолдошум экөөбүз алгач өзүбүздү түздөп, үлгү көрсөтүүгө тырышабыз. Балдардын күлкүсүн, шаттыгын көргөндө бардык чарчоо унутулуп кетет.

- Үй жумуштары менен балдардын тарбиясын кантип тең салмактайсыз? Үй-бүлөдө тартипти жана ынтымакты кантип сактайсыздар?

- Үйдө баарына бирдей мамиле кылууга аракет кылам. Балдардын ар бирине көңүл буруп, бири-бирине сый мамиле кылууну үйрөтөбүз. Үй жумуштарын да мүмкүн болушунча бөлүштүрүп, балдарга кичинекейинен жоопкерчиликти үйрөтүүгө аракет кылам. Эң башкысы үйдө жылуу сөз, жакшы мамиле болушу керек. Ошондо тартип да, ынтымак да сакталат деп ойлойм. Анан да ар бирине жеке мамиле кылып, сүйлөшүүгө аракет жасайбыз. Күчүңдү алат, энергия талап кылынат, бирок азыркы көңүл буруу, келечекте мыкты жыйынтык берет деп ишенем.

- Балдарыңыздарга кандай баалуулуктарды үйрөтүүгө аракет кыласыздар?

- Биринчи кезекте тазалыкка, тартиптүү болууга жана улууларды сыйлоого үйрөтүүгө аракет кылам. Ошондой эле балдарыма билим алуунун маанисин түшүндүрүп, жакшы окуусуна көңүл бурабыз. Динибизди да билсин деп Куран окууну үйрөтүп жатабыз. Анткени баланы эки багытта тең билимге сугарылышын каалайбыз. Адамгерчиликтүү, тарбиялуу, элге пайдалуу инсан болушсун деген гана аруу тилегибиз бар. Мекенди сүйсүн деп ар бир майрамда уюштурулган иш-чараларга алып барууга аракет кылабыз.

- Жолдошуңуз менен үй-бүлөнү бекем кармоонун сыры эмнеде?

- Мага эң чоң колдоону жолдошум көрсөтөт. Ал дайыма түшүнүү менен мамиле кылып, жардам берип турат. Үй-бүлөдө бири-бирин колдоо абдан маанилүү. Ошондо бардык кыйынчылыктарды жеңил жеңүүгө болот. Биздин оюбузча, үй-бүлөнүн бекем болушунун сыры бири-бирин түшүнүү, сыйлоо жана колдоо. Кээде кыйын учурлар да болот, бирок сабыр кылып, бири-бирибизди угууга аракет кылабыз. Кээде ачууга алдырган учурлар болот. Кантип болбосун? Ал учурда жогоруда айтылган нерселер жардам берет.

- Чоң үй-бүлөдө чоң жоопкерчилик менен катар чоң каражат да керектелет да. Муктаждыктар да болуп турса керек?

- Кыргызда "баары жакшы" деген төл сөзүбүз бар го. Анын сыңарындай, Кудайга шүгүр, жолдошум таап жатат. Балдардын жөлөкпулу бар. Элдин алды да, арты да болуп кеткен жокпуз. Эл катары жашап жатабыз. Бирок көп балалууларга чоң колдоолор болот деп бийлик жетекчилери айтып келе жатышат. Анын да эрте-кечи жоктур. Жардам болуп, балдарыбыздын келечегине, билимине ар тараптуу колдоо болсо, көбөйүшүп, аларга тарбия берип, өлкөнүн келечегин кура бермекпиз. Өткөн жылы "Баатыр эне" төш белгисин алып кубангам, быйыл батир берип калса гана. Эң негизгиси жакшылыктан үмүт үзбөйлү. Өлкө өнүгүп, кыргыздын санын көбөйтүп, келечекти билимдүү жаштар менен куралы демекчимин. Ал үчүн ата-энелер биргеликте жоопкерчиликти алалы.

- Назгүл айым, маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем! Жолдошуңуз менен билгеликте балдарыңыздардын жакшылыктарын көрүңүздөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: