Дубайдын жашоочулары ракета коркунучу тууралуу билдирүүлөрдү алууда
Дубайдын жашоочулары уюлдук телефондоруна ракета коркунучу тууралуу билдирүүлөрдү алышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка караганда, мындай билдирүүлөр кечээ жана бүгүн түшкөн.
"Учурдагы кырдаалга жана ракеталык чабуулдун коркунучуна байланыштуу, дароо жакынкы коопсуз имаратка баш калкалап, терезелерден, эшиктерден жана ачык жерлерден алыс болуңуз",-деп жазылган аталган билдирүүлөрдө.
Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга сокку урган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















