Трамп АКШнын аскерлерин Иранга кургактагы операция үчүн киргизиши мүмкүн
АКШнын президенти Дональд Трамп зарыл болгон учурда АКШ аскерлери Иранга кургактагы операция үчүн жөнөтүлүшү мүмкүн экенин моюндады. Бул тууралуу америкалык лидер менен сүйлөшкөн Time журналы билдирди.
Журнал белгилегендей, Трамп Иранга кургактагы аскерлерди жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган эмес. Time басылмасынын маалыматы боюнча, америкалык лидер Тегеранга каршы аскердик операция Вашингтон бардык максаттарына жеткенге чейин улана берерин билдирген. "Менин эч кандай мөөнөтүм жок",- деген америкалык лидер журналга.
Мурда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи NBC News каналына берген маегинде Тегеран АКШнын кургактагы операциясына даяр экенин жана америкалык күчтөргө каршы тура аларына ишенерин билдирген.
Айта кетсек, учурда Иран менен АКШ-Израил ортосундагы согуш аба күчтөрү аркылуу болууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















