Абактан тик учак менен чыккан Даниэл Ажиев кайра кармалганы тастыкталды
Вебкам иши боюнча соттолуп, жакында президенттин ырайымы менен абактан бошотулуп, жаза өтөө жайынан тик учак менен чыгып кеткен Даниэл Ажиев кайра кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Ажиев бүгүн, 6-март күнү болжол менен саат 12:20 чамасында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токмок шаарынын айланма автожолунда кармалган.
Бул факт боюнча Токмок шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси – "Сатуу максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ажиев убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери улантылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















