Ошко боордош Пхёнтэк шаарынан корей тилиндеги китептер келди
Ош шаарындагы К.Ташбаев атындагы шаардык китепканада Корея Республикасынын боордош шаары Пхёнтэктен келген корей тилиндеги жаңы китептердин бет ачары болду.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, Пхёнтэк шаарынын мэриясына жана Эл аралык алмашуу фондуна маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки шаардын ортосундагы байланыш мындан ары да биргелешкен долбоорлор менен кеңейерин белгиледи.
Белекке берилген жыйнакка корей тили боюнча окуу китептери, сөздүктөр, тарых жана маданият тууралуу басылмалар, балдар жомоктору жана энциклопедиялар кирет. Китептер шаардык китепканада жайгаштырылып, мектеп окуучулары, студенттер жана корей тилине кызыккан бардык окурмандар үчүн жеткиликтүү болот.
Эске салсак, 2025-жылдын август айында Ош жана Пхёнтэк шаарларынын мэриялары боордоштук мамилелерди түзүү боюнча меморандумга кол коюшкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















