Милиция интернетте видеосу тараган жолдогу жаңжал боюнча комментарий берди
Бишкектин Ленин райондук милициясы социалдык тармакта видеосу тарап жаткан жолдогу жаңжал өткөн жылы болгонун билдирди.
Айта кетсек, буга чейин интернет желесине жолдогу жаңжалдын видеосу тараган. Анда айдоочулардын ортосундагы пикир келишпестик мушташка айланып кеткендиги көрүнөт. Аталган окуя Лев Толстой жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Бул факт Ленин РИИБи тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Буга байланыштуу милицияга 29 жаштагы эки жаран М.Б. жана Б.К. жеткирилген.
Териштирүүдө бул окуя 2025-жылдын ноябрь айында болгондугу аныкталды.
М.Б. аттуу жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлдү.
Милиция жолдо жаңжалдашкан жарандардын видеосу боюнча маалымат берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















