Түрк мамлекеттеринин уюму Ирандын Түркияга жана Азербайжанга жасаган чабуулдарын айыптады
Түрк мамлекеттеринин уюму Ирандын Түркияга жана Азербайжанга жасаган чабуулдарын айыптады. Бул тууралуу Стамбулдагы уюмдун тышкы иштер министрлеринин бейрасмий жолугушуудан кийинки биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.
Министрлер Ирандын Түркияга карай ракета учуруусун жана Азербайжандагы жарандык буталарга учкучсуз учактары менен жасаган соккуларын айыпташкан. Алар мындай аракеттердин кайталанышына жол бербөөгө чакырышкан. Алардын пикиринде, мындай аракет аймактык кырдаалды ого бетер курчутуп, чыңалуунун географиялык чөйрөсүн кеңейтүү коркунучун жаратат.
"Ушул контекстте министрлер Түркия менен Азербайжандын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун бекем колдой тургандыктарын билдиришти жана эки өлкөнүн элдери жана өкмөттөрү менен толук тилектештигин тастыкташты. Алар Жакынкы Чыгыштагы туруктуулук бүткүл аймактын жана анын элдеринин прогресси жана жыргалчылыгы үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилешти", - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлер эл аралык укукка жана БУУнун уставынын принциптерине ылайык диалог аркылуу пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешкен.
Алар кырдаалды тезинен басаңдатуунун, тирешүүнү токтотуунун жана тынчтык жолу менен чечүүнүн бирден-бир мүмкүн болгон жолу катары дипломатия менен конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүн айтышкан. Алар бардык тараптарды максималдуу сабырдуулукту көрсөтүүгө, сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келүүгө жана бардык пикир келишпестиктерди тынчтык, дипломатиялык жолдор менен чечүүгө багытталган ак ниеттүү сүйлөшүүлөргө катышууга чакырышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















