super.kg logo

"Кумтөр" иши боюнча камалып чыккан Теңиз Бөлтүрүк өкмөткө жардам берүүгө даяр экенин билдирди

 

"Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу, жемкорлукка айыпталып абакта отуруп чыккан Теңгиз Бөлтүрүк өкмөткө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Ал "Кумтөрдү" 1 жылдан ашыгыраак башкарган убагында чыгашаны 17 пайызга азайтып, дүйнө боюнча тоо-кен тармагында абдан чоң көрсөткүч кылганын белгилеп, анын убагында кенден алтын да көп өндүрүлгөнүнө токтолду.
"2022-жылы биз 17,3 тонна алтын бердик. 2023 - 2025 жылдары алтындын чыгарылышы 15 тоннага түшүп, кийин 12 тонна чейин түшүп кетти. 2022-жылы биз мамлекетке 42 миллиард сом салык төлөдүк. Тарыхта мындай салыкты "Кумтөр" төлөгөн эмес, азыркыга чейин...
Жасалган иштерибиздин жетишкендиктерибизди жаза берсем өтө көп. Ушунун баарын 15 айдын ичинде жасаттым. Токмокто чоң дөңгөлөктөрдү реставрация кылуучу заводду салдык. Андай завод азыркыга чейин бүткүл Орто Азия жана Орусияда жок...
Ортодо 2022-жылы январда Алматыда Каңтар башталып, февралда Украинада согуш болуп "Кумтөргө" темир жол менен келчү тетиктер, күйүүчү май жана башка нерселер чек арабызда токтоп калды. Айла жок Иранга учуп барып темир жол министринин орун басары менен келишимди иштетип бердим жана Бендер-Аббас порту менен ижара келишимин сүйлөшүп келдим. Кыргызстанга дүйнөдөгү деңиздерге жол ачылып калды. Ушул ишти жасаган үчүн мени өкмөттөгү иштеген башчылары көрө албай мага каршы жашырынышып иштей башташты...
Азыр менин бардык жетишкендиктерим жана ийгиликтерим көмүскөдө калып, айтылбай жатат. Мен азыркы кыйын кезде өлкөгө кайрадан жардам берүүгө даярмын. Бирок өкмөткө жазган каттарыма азырынча эч ким жооп бере элек", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.
Эске салсак, Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 миллиард 146 миллион сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.
2023-жылдын 30-апрелде Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарган. Башкы прокуратура 1-майда Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден 844 миллион 512 миң 858 сом өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген.
Ошол жылдын ноябрь айында Теңиз Бөлтүрүктүн 880 миллион сом зыян келтиргени аныкталып, ал 862 миллиону ордуна койгону айтылган.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: