super.kg logo

Иранга каршы коалиция: АКШ менен Израилдин кызматташтыгы күчөдү

 

АКШ менен Израил Ирандагы операциянын качан аякташын биргелешип кабыл алышат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп 8-мартта The Times of Israel басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чечим Вашингтон менен Иерусалимдин ортосундагы макулдашуу аркылуу кабыл алынат.

"Менимче, бул биргелешкен чечим болот. Биз бул тууралуу сүйлөштүк. Мен туура убакта чечим кабыл алам, бирок бардык жагдайлар эске алынат",- деди америкалык лидер.

Ал ошондой эле Иран Израил мамлекетин жана ага байланыштуу бардык нерсени жок кылууну көздөп жатканын айтты.

"Биз чогуу иштедик. Израилди жок кылгысы келген өлкөнү талкаладык",- деп кошумчалады Трамп.

Ошол эле күнү Израилдин коргонуу күчтөрү Ирандын аскердик аба күчтөрүнүн штабына сокку урду. Анын максаты - башкы командалык борборду жок кылуу болуп саналат.

8-мартта АКШ бийлиги Ирандын мунай жана газ тармагындагы объекттерине сокку уруу планы жок экенин билдирген. Бирок CNN телеканалы Израил Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын кийинки этабында Ирандагы мунай сактоочу жайларга сокку ура баштаганын кабарлады. Атап айтканда, сокку Тегеран шаарындагы күйүүчү май сакталган кампаларга жасалганы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: