Трамп абал жөнгө салынгандан кийин мунайдын баасы калыбана келерин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп мунайдын баасы Ирандын өзөктүк коркунучу жок кылынгандан кийин тез арада калыбана келерин айтты. Бул тууралуу Трамп өзүнүн TruthSocial социалдык тармагына жазган.
"Ирандын өзөктүк коркунучу жок кылынгандан кийин мунайдын баасы тез арзандайт. Ошондуктан азыркы кыска мөөнөттүү баанын өсүшү АКШда жана бүткүл дүйнөдө коопсуздук жана тынчтык үчүн төлөнгөн кичинекей баа",- деген Трамп.
Ошондой эле АКШ лидери CNN телеканалына берген маегинде Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактан улам бензиндин кымбатташына тынчсызданбоого чакырган.
Эске салсак, Иран буга чейин дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолу Ормуз кысыгын жапканын жана аймакка кирген бардык кемелерди аткылай турганын эскерткен. Мындан улам дүйнөдө мунай өндүрүү кескин кыскарып, баасы дагы бир нече пайызга жогорулаган.
Андан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңунда мунай жана газ тышыган компанияларды тез арада камсыздандырууну тапшырып, Ормуз кысыгы аркылуу өтө турган кемелерге аскердик коштоону убада кылган болчу.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















