Аялдардын эл аралык күнүн утурлай соттолгон айымдар абакта концерт уюштурушту (видео)
№2 аялдар абагында 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, түзөтүү мекемесиндеги соттолгон аялдар тарабынан чакан концерттик программа тартууланып, анда кыргыз элинин улуттук ыр-күүлөрү, обондору жана көркөм ыр саптары аткарылды.
"Майрамдык иш-чаранын негизги максаты - соттолгондордун руханий-маданий баалуулуктарын жогорулатуу, улуттук салт-санаага болгон урмат-сыйды бекемдөө, ошондой эле алардын коомго кайра кошулуусуна өбөлгө түзүү болуп саналат. Мындай маданий-тарбиялык иш-чаралар соттолгондордун ички дүйнөсүн байытып, жакшы сапаттарды өнүктүрүүгө, коомго пайдалуу жаран болуп кайтып келишине багытталат",- деп белгилеген ЖАМК.
Аялдардын эл аралык күнүн утурлай соттолгон айымдар абакта концерт уюштурду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:57
2026-03-09
15:36
2026-03-08
14:14
2026-03-08
13:58
2026-03-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















