Иран президенти Азербайжанга дрон чабуулуна Тегерандын тиешеси жок экенин билдирди

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Азербайжанга дрон менен жасалган чабуулга Тегерандын катышы жок экенин айтып, бул окуя кылдат иликтенерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Иран лидери бул билдирүүсүн Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен болгон телефондук сүйлөшүүдө айткан. Азербайжандын президенттик администрациясынын билдиришинче, телефон аркылуу сүйлөшүү 8-март, жекшемби күнү болгон.
Сүйлөшүүдө Пезешкиан Алиевге Бакудагы Иран элчилигине барып көңүл айтканы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле ал Ирандагы акыркы окуяларда жогорку лидер Али Хаменеи жана көптөгөн жайкын тургундардын каза болгонуна байланыштуу айтылган көңүл айтуулар үчүн ыраазы экенин белгилеп, Тегеранга гуманитардык жардам көрсөтүү ниетин да жогору баалаган.

Иран президенти Нахчыванга абадан жасалган чабуулга Тегерандын тиешеси жок экенин баса белгилеп, болгон окуя сөзсүз иликтенерин айткан.
Ал арада Азербайжандын тышкы иштер министрлиги Иран тараптан учурулган делген дрондор Нахчыван шаарындагы аэропорттун аймагына кулаганын билдирген. Натыйжада аэропорттун имараты жабыркап, бир нече жай тургун жаракат алганы маалымдалган.
Баку Тегерандан окуя боюнча тез арада түшүндүрмө берип, аны кылдат иликтөөнү талап кылган. Ошондой эле мындай учурлар кайталанбашы үчүн чара көрүлүшү керектигин белгилеген. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги өлкө зарыл болгон учурда жооп чараларын көрүү укугун өзүндө калтырарын да билдирген.
Өз кезегинде Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Азербайжан тарапка дрон учурулган деген маалыматты четке каккан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















