super.kg logo

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

 

(Башы өткөн санда)

Профессор өтүп кетти. Аркасынан жинди немедей, оозумду ачып карап калган экенмин.

– Эй, сага эмне болду?- деди Самара.

– Аты ким?- дедим андан.

– Атын эмне кыласың?

– Бул деген...- сөзүм оозумда калды.

Самара ырас эле башка нерсеге алаксып кетти. Мен тез өзүмдү колго алдым да, чыгып кеттим. Эмне ишим бар дейм да, анын атын эмне кылам? Адамдын дүйнөсү бир таң калычтуу нерсе да. Эки сааттан кийин айтылуу үйгө келип калдым. Коңгуроону басуу үчүн кол жибергиче, эшик ачылып кетти. Так маңдайымда ал! Көздөрүм ушундай бир алайып кетти окшойт, ал мага “эмне болуп жатат бул?” дегенсип бир тиктеди да, өтүп кетти.

– Мм, саламатсыз?- дедим.

– Саламатчылык, апам күтүп жатат сизди.

Дал мурункудай муздактык менен тез сүйлөдү да, машинесине отуруп жөнөп кетти.

Үйгө кирдим. Чакан, таза, ыңгайлуу үй экен. Тосуп алган апа мага карап мээримдүү күлүп койду эле, жанагы жиним кайдадыр учуп кетти. Саламдашып, таанышып отурдук.

– Кызым, сенин окууңа тоскоол болбогон убакта кел, бизге жардам берип тур. Үйдө ашык киши жок, мен жана абышкам...

– Уулуңузчу?- деп жибердим шашыла.

– Ал кээде эле келет, өзүнүн үйү бар.

– Аа, жакшы экен анда.

– Сен бүгүн кете бер, сага мына тизмени даярдап койдум. Эртең келе жатып ушуларды ала кел. Таба албаганың болсо, мага жазып кой. Менин номеримди жазып ал.

– Макул.

Биз жылуу коштоштук, мен чыгып кеттим. “Кызык, баласынын машинеси бар экен, ага айтып азык-түлүк алдырып алса болбойбу?” деп ойлоп бара жаттым. Ким билсин, булардын да бир жашоо эрежелери бар окшобойбу. А эмнеге уулун айтканымда өңү сустайып кетти апанын? Аралары жакшы эмес окшойт го, болбосо ата-энесин өзү эле багып алчу жерде экен. Ичимден болгон, болбогон нерселер менен профессорду күнөөлөп кетип бара жаттым. Менин ал үйдөгү кызматчылык жашоом ушинтип башталды. Гүлай апа чындыгында өтө мээримдүү, адамгерчиликтүү, анан адамдын жагдайына жараша мамиле кылган адам экен. Мен көп нерсени билбей, туура эмес кылып алганымда жумшак гана айтып үйрөтүп жүрдү. Ал эми жолдошу Казат Байсалов оңойлук менен адамды жактырбаган, катаал жана талапты катуу койгон адам экен. А балким, төшөк тартып жатып калганы үчүн ушундайдыр. Анын ооруп калганына алты жыл болуптур. Дайыма ага врачы, медайымы жана башка үлкөн адамдар келип турчу. Кийин билсем, бул киши биздин мамлекеттеги саналуу академиктин бири тура. Мындайча айтканда, илимди “семичкедей чаккан” киши экен. Ушул жашында деле ага шакирттери келип кеңеш сурап турушат. Мен көп учурда анын бөлмөсүнө жакындабаганга аракет кылчумун. Анткени Гүлай апанын айтымына караганда, ал бөтөн кишинин үйдө болушун жактырбайт экен. Медайымы жок болуп, жардам бериш керек болуп калганда эле кирбесем, көп учурда мен ал жактан оолак болуп жүрдүм. Иштеп баштаганымдан бир жума өтпөй эле Гүлай апа мага акча сунду.

– Бул эмне?

– Керектүүлөрүнө корот, кызым. Аванс берип жатам.

– Бирок...

– Ала бер, сага керек экенин билем. Анын үстүнө студент жакшы тамактанышы керек.

– Рахмат, апа!- ичим жылып, кучактап, өөп алгым келди. Ошенттим дагы. Менден муну күтпөсө керек, ал таң кала жылмайып кала берди.

– Тентек кыз десе.

– Рахмат сизге!

Көзүмө жаш имериле түшкөнүн жашыра чуркап кеттим. Кайдан билсин бул апа мага эң керек нерсени – апанын колдоосун берип жатканын. Апасын сагынып, жөн гана бир аз колдоого муктаж болуп, кусаланып жүргөн бечара бир студентке акча маанилүү эмес, мээрим маанилүү экенин билбеди деле окшойт. Апам ай, сени эмнеге сагына берем? Келбесиңди билсем да, убакыт өтсө да сагына берем, ордуңду жоктойм. Жашоодо жапжалгыз калгандай сезем өзүмдү. Чындыгында жалгыз калбаганда эмне, жалгызмын да. Атам менен эгизим апамдын жаназасына деле келбеди. Кабар беришкенин айтышты таякемдер, бирок келишкен жок. Болуптур, атам келбесе өз иши, эмнеге Камчы келген жок? Ал апамдын канынан жаралган жалгыз уул эмеспи. Буга да өзүнчө таарынып жүрөм.

ххх

Жашоо өз калыбында өтүп жатты. Мен жаңы жумушума көнүп, алтургай андагы адамдар мага жакын сезилип баштады. Ирети менен уланып бара жаткан жашообуз Илимдин келиши менен бузулду. Илим ким десениз, бул баягы сырдуу киши, үйдүн жалгыз уулу... Илим Казатович, профессор, мени таң калтырган жалгыз адам! Анын келиши да күтүүсүз болду. Бир күнү кийим-кечесин көтөрүп келди да, ата-энеси менен жашай баштады.

Гүлай апа мага үйүнүн бир бурчундагы кичинекей бөлмөнү берген эле. Кеч калганымда жатып калчумун. Эртең менен туруп, алардын кубанычтуу сүйлөшүп жатышканын уктум.

– Оо, уулубуз келиптир.

– Билгем мен, бир күнү кайра келет деп күткөм.

Эшикти акырын ачып карап турдум. Апасы бою узун уулунун моюнуна асылып, улам жыттап жаткан экен. Тиги бир аз эңкейип койсо болбойбу? Оюмду уга калгандай ал эңкейип апасын кучактады. Ошол маалда эшиктен акырын шыкаалап турган мени көрдү. Көздөрүбүз чагылышып, башым “дүң” дей түштү. Бул эмне эле? Кубаныч гормону башыма тээп кеттиби? Мунун келгенине мен эмнеге кубанышым керек? Тез кийинип окууга жөнөп калдым. Кубанычка берилген ата-эне мени байкабады деле. Ыза боло түштүм. Ошол убактан баштап мен ал үйгө жатып калууну токтоттум. Кыздар менен чогуу жашап жаткан батириме эле кетип калчу болдум. Гүлай апа бир күнү айтып калды.

– Кеч калып жатасың, кызым. Жатып эле калбайсыңбы?

– Жок, кыздар менен сабак окуган ыңгайлуураак,- деп калп айтып койдум.

Анын уулунан качып жатканымды кантип айтмак элем. А бирок эмнеге качып жатам? Анын мага эмне тиешеси бар? Бар экенимди деле байкабаган бир адамды эмнеге маанилүү деп эсептеп алдым?

“Илим байкең келгенде чаң соргучту иштетпе, кызым. Илим помидордун мындайын жейт, жумуртканы мындай кууруш керек” дей берчү апасы.

“Уф-ф, не деген жан эле бул? Эмнеге мынчалык ханзаада кылышат? Турат го бир муздай тоңгон бир адам” дейм ичимден. Кыжырым келгени ушунчалык эле, жерди тээп алчумун. Казат ата көздөрү чарчаганда аялына китеп окутуп укчу эле. Бир күнү ошол жумушту мага жүктөдү.

– Гүлай бир жакка чыкты окшойт, кызым. Кел, мага бул китепти окуп берчи.

Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: