Өлкөдө ак илбирстер көбөйүп, саны 550дөн ашты
Кыргызстанда 2030-жылга чейин ак илбирсти сактоо боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди.
Анын айтымында, көрүлгөн чаралардын натыйжасында бүгүнкү күндө республика аймагында ак илбирстердин саны 550дөн ашты.
Министрдин орун басары сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо үчүн түзүлгөн жаңы шарттар тууралуу да маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын абалын жакшыртуу максатында жалпы аянты 792 миң гектарды түзгөн “Ак илбирс коридору” түзүлгөн. Бул аймак Хан-Теңири, Сары-Чат - Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругу жана Нарын облусу чөлкөмдөрүн бириктирет.
Мындан тышкары, Байбосун коругу, Котормо коругу жана Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багы да өзгөчө корголуучу аймактардын тизмесине киргизилди.
Белгиленгендей, бул багыттагы иштер ак илбирстин популяциясын сактап калууга жана алардын коопсуз жашоо чөйрөсүн камсыздоого багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















