Жумгалда жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берүү фактылары аныкталды
Нарын облусунун Жумгал районунда токой чарбасынын карамагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу 9-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.Маалыматка ылайык, Жумгал токой чарбасынын кызматкерлери 2019-2024-жылдар аралыгында жер тилкелерине жасалмалоо жолу менен сынак өткөрүлгөндүгү жөнүндө протоколдорду түзүшкөн. Натыйжада жалпы 49 жаранга 104,19 гектар жер 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси менен (Кызматтык жасалмачылык) кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















