Бишкекте Уркуя Салиевага арналган көргөзмө ачылды

6-мартта Бишкектеги Фрунзе үй-музейинде “Уркуя Салиева – кайраттуулуктун жана эркиндиктин символу” аттуу көргөзмө ачылды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, көргөзмө Кыргызстандагы социалдык өзгөрүүлөр доорунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон Уркуя Салиеванын өмүрүнө жана эрдигине арналган.
Экспозицияда анын өмүр баяны, коомдук ишмердүүлүгү жана 1920-1930-жылдардагы тарыхый доор чагылдырылат. Архивдик сүрөттөр, документтер жана “Отко таазим” көркөм тасмасы аркылуу коомдун жаңылануусу жана аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн Уркуя Салиеванын образы ачылып берилет.
Көргөзмө кыргыз коомунун өнүгүшүндөгү аялдардын ролун терең түшүнүүгө багытталып, 20-мартка чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:42
2026-03-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Nurtilek82
09.03.2026. 14:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман айтсам кечиресиздер бул инсанды мен кыргыз кыз келиндерге зынаага жана сойкулкка жол ачып берген адам катары эле эсептейм бул менин жеке ойум
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















