Бүгүн, 9-мартта Иран өлкөнүн жаңы жогорку лидери болуп
Можтаба Хаменеи дайындалгандан көп өтпөй Израилге ракеталык сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Ирандын IRIB телеканалына таянып билдиришти.
"Можтаба Хаменеи жетекчилик кылган Иран басып алынган аймактарга карата ракеталардын биринчи толкунун учуруп жиберди",- деп айтылат маалыматта. Телеканал ошондой эле, "сиздин буйругуңуз боюнча, сейид Можтаба" деген жазуусу бар снаряддын сүрөтүн жарыялаган.
Израилдин жарандык коргонуу кызматтары өлкөнүн борбордук жана түндүк аймактарында, анын ичинде Тель-Авив жана Хайфа шаарларында аба коркунучу тууралуу сигналдар жаңырганын билдиришти. Израилдин "Тез жардам" кызматы Magen David Adom билдиргендей, ракеталык соккудан болжол менен 20дай адам жаракат алган.
Ошол эле күнү Израил армиясы Ирандын борбордук аймактарындагы объекттерге каршы авиациялык соккуларды баштаганын маалымдады. Соккулар ички коопсуздук органдарынын командалык борборлоруна жана Басижи түзүмдөрүнө багытталган. Мындан тышкары, ракеталарды учуруучу жайлар жана ракета кыймылдаткычтарын чыгаруучу завод да аткылоого алынган.