Жалал-Абадда "Хизбут-Тахрир" уюмунун таасирдүү лидери кармалды (видео)
Жалал-Абад облусунун "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун таасирдүү лидери кармалды. Бул тууралуу 9-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" ДЭУнун лидерлеринин бири М.Н.Э. аттуу жаран кармалды. Ал аталган экстремисттик уюмдун иерархиясында Сузак району боюнча масул (лидер) катары көрсөтүлгөн. Аталган жаран бир нече жылдар бою калк арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, экстремисттик материалдарды таратуу жана катардагы мүчөлөрдөн экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо үчүн каражат чогултуу менен алектенген.
Кармалган жаран кылмыш ишинин алкагында УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иштеринин комплекси жүргүзүлүүдө.
УКМК жарандарды өлкө аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.
Жалал-Абадда "Хизб-ут-Тахрир" ДЭУнун таасирдүү лидери кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















