super.kg logo

Египет, Оман жана Европанын айрым өлкөлөрү менен визалык жеңилдиктер кеңейет

 
Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара алып салууга байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлору каралып, жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Атап айтканда, Египет, Оман, Словения жана Бенилюкс мамлекеттери — Бельгия, Нидерланды, Люксембург менен түзүлгөн макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлору комитет тарабынан үч окууда колдоо тапты.
Тактап айтканда, төмөнкү документтер каралды:
• 2025-жылдын 18-июнунда Брюссел шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспорт ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашуу;
• 2025-жылдын 16-октябрында Любляна шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Словениянын ортосунда дипломатиялык паспорт ээлерин кыска мөөнөттүү визалардан өз ара бошотуу тууралуу макулдашуу;
• 2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йоркто кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Оман Султанатынын ортосунда дипломатиялык, атайын жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу макулдашуу;
• 2025-жылдын 4-ноябрында Каирде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Мисир Араб Республикасынын ортосунда дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу тууралуу макулдашуу.
Комитет мыйзам долбоорлорун колдоп, андан ары Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: