Лейлекте опузалап акча талап кылууга шектүү аял кармалды
Лейлек районуна караштуу Раззаков шаарынын 2003-жылы туулган С.К. аттуу тургуну жыныстык жол менен опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
“Январь айынын башында шектүү Сүлүктү шаарынын 16 жаштагы тургуну менен таанышып, аны өзүнүн мурдагы таанышы - Сүлүктүнүн 20 жаштагы тургуну У.Ф. менен телефон аркылуу тааныштырган. Кийин аларга көмүскө жай уюштуруп берип, жыныстык катнашка барууга ортомчулук кылганы айтылат.
Жыныстык катнаштан кийин У.Ф. 4000 сом акча берген. Бирок кийин пикир келишпестик жаралып, С.К. андан шантаж жолу менен акча өндүрүүнү көздөп коркутуп баштаган.
Ал 50 миң сом талап кылуу үчүн жашы жете элек кызга опузалап акча алуунун жол-жобосун үйрөтүп, талап кылынган сумманын жарымын этап-этабы менен кыздын банктык картасына котортуп алган”,- деп жазылган маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















