Бекешев уй этин сатып алууга үй-бүлөсүнө убактылуу тыюу салганын айтты (видео)
Бүгүн, 9-марттагы Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев аймактардагы малдар шарп ылаңы менен ооруп жатканын билдирди.
Эл өкүлү жыйында фермерлерден түшкөн жапырт нааразычылыктан улам үй-бүлөсүнө уй этин сатып алууга тыюу салганын белгилеп өттү.
"Мага Нарындан, Баткенден дагы башка аймактардан кайрылып жатышат. Бул тууралуу бир-эки киши айтса, мен айтпайт элем, бирок бизде массалык түрдө болууда. Сиздер абал туруктуу, көйгөй жок деп жатасыздар. Анда эмне үчүн фермерлер малдар ылаңдап жатат деп жапырт нааразы болушууда? Балким, сиздер чуу жаратууну каалабай жашырып жатасыздар. Мен азыр үйдө уй этин сатып алууга тыюу салдым. Анткени фермерлерде жапырт нааразычылык болууда. Ден соолукка тиешелүү болгон маалыматтарды эл билиши керек. Эгер элде оору жаралса, буга маалыматты жашырганыңыздар үчүн сиздер күнөөлүү болосуздар", - деди депутат.
Бекешев уй этин сатып алууга үй-бүлөсүнө убактылуу тыюу салганын айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















